Тогуз-Торо районунун 9-10-11-класстар арасында Жаңы-жылга койгон максаттарым деген темада окуучулардын кышкы каникулун пайдалуу өткөрүү максатында Тогуз-Торо ФМ радиосу тарабынан конкурс уюуштулурду.Акырында комиссия тарабынан аныкталган эң жакшы максатын жазган 4 окуучу зарыл болгон техникалык колдоо алышты

Конкурстун катышуучулары Тогуз-Торо Фм радиосуна келишип, окуучуларга радиодогу журналистер максатты кантип коюш керек, максаттардын орундалышы боюнча кеңештер берилди.Сонунда жеңүүчүлөргө белектери берилди; Колонка караоке 2микрофону менен,безпроводной наушник (АirPods), Powerbank. Калган катышуучуларга китептер ыйгарылды.

1-орундун жеңүүчүсү №10 Калдыбай атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Марлен Шамшидинов
Жеңүүчүлөр:
1) №10 Калдыбай атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Марлен Шамшидинов
2) №4 Иманберди орто мектебинин 11-классынын окуучусу Элзира Шайлообаева
3) №2 А.Абдраимов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Нуриза Жумагулова
4) №7 Т.Сатыбалдиев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Эвелина Жумабекова байгелүү орундарга жетишти.

2-орундун жеңүүчүсү №4 Иманберди орто мектебинин 11-классынын окуучусу Элзира Шайлообаева
Катышкан окуучулар өз ойлорун төмөнкүдөй билдирип кетишти:
Шамшидинов Марлен: «№10Азамат уулу Калдыбай мектебинин 9-классынын окуучусумун.2024-жылы Тогуз-Торо Fm өткөзгөн менин жаны жылга койгон максаттарым деген конкурсска катышып максаттарымды түзүүгө себепчи болду.Конкурстун жыйынтыгында мен эл алдынан сүрдөөнү жеңдим.Максаттарыма жетүүгө болгон күчүм менен аракет тыштадым.Тогуз-Торо fm радиосунда иштеген эжейлерге рахмат бизге эң жагымдуу сөздөрүн арнашты»
Элзира Шайлообаева:» Мен конкурска катышкан окуучулардын арасынан 2-орунду алдым. Бул менин 2024-жылдагы биринчи ийгилигим десем болот. Сыйлыкка airPods алдым. Аябай сүйүндүм. Сиздердин дагы ишиңиздерге ийгилик ушундай иш чаралардан дагы көп -көп уюштура бериңиздер. Иш чара мага аябай жакты , керектүү маалыматтарды дагы ала алдым. Пайдалуу дагы болду. Бул конкурстун артынан мен уялбай, өзүмдүн оюмду ачык айтууну үйрөндүм».

Нуриза Жумагулова: «Мага бул иш чара абдан жакты, мен учун абдан пайдалуу болду жана ошондой эле жаны досторду таап алар менен баарлаштым. Алар менен чай үстүндө кенен баарлаштык. Анан интервью бердик ар бирөөнүн кыялын,максаттарын угуп аябай жакты. Ар бир адамдын өзүнө ыйлайыктуу сүйгөн хоббиси жана чектөөсүз кыялдары болот экенин тушундум.
Эвелина Жумабекова: Ооба албетте иш чара абдан жакты жана чоң мотивация берди десем болот. Анткени ушундай иш чараларга катышып орундарга жеткенде, менин колумдан келет турбайбы деп шык берип дагы алдыга умтулууга жол ачат десем болот.»-деп билдиришти.
Эскерте кетсек, окуучулардын кышкы каникулун пайдалуу өткөрүү максатында Тогуз-Торо ФМ радиосу тарабынан конкурс уюштурулду.
Эвелина Жумабекова