"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Ооган ардагер:Мекенди сүйүү-ага болгон кызмат менен болот

15 Февраль 2024 жыл 19:54
Көрүүлөрдүн саны: 6817

Ооган согушуна Тогуз-Торо районунан катышып келген Кара-Суу айылынын тургуну Жумадил Мааткалыков жана Каргалык айыл аймагынын тургуну Зайырбек Арзыматов түз эфирде маек курушту.

Эфир учурунда ооган ардагерлер, согуш талаасындагы баатырларча курман болгон мекендештерибизди эскерүү менен бирге, согуш убагындагы коюлган күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу учурундагы кыйынчылыктар жана кызыктуу окуялар менен бөлүшүштү.

Сүрөттө: Ооган ардагерлери Жумадил Мааткалыков жана Каргалык айыл аймагынын тургуну Зайырбек Арзыматов

Келечектеги жаш муундаргамекенибизди сүйүп жана ага кызмат кылууга, өлкөнүн өнүгүүсүнө салымдарын кошушуна жана мекенчил болууга үндөштү.

Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылгандыгына быйыл туура 35 жыл болду. Тогуз-Торо районунан ооган согушуна 18 жоокер катышып, 12 аскер кайтып келген.

Адина Дайырбек кызы