Райондо кышкы туризмди жана спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүү максатында Казарман айылында узуну 60 метр, туурасы 35 метр хоккей ойноочу аянтчасы ачылып, ишке берилди


Ага район акими Манас Мураталиев, Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Жарбашов, Хоккей федерациясынын президенти Турдаалы Аскарбеков, райондук О.Чопиев атындагы балдар өспүрүмдөр спорттук мектебинин хоккей боюнча командасы, машыктыруучулары, айылдык кеңештин төрагалары Таалайбек Токтоболотов, Урмат Токтожумаев мекеме ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү тургундар катышты.

Район акими Манас Мураталиев өз сөзүндө хоккей аянтчасынын ачылуусу бүтүндөй район эли үчүн жакшы жышаан жана кышкы спорттун түрү боюнча аренага чыгууга мүмкүнчүлүктөр жаралганын баса белгиледи

Аянтчаны жергиликтүү бюджеттин жана Тогуз-Торо өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган.

Анара Мааметова