Каргалык жана Сары-Булуң айыл аймактарын бириктирүү менен түзүлгөн Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Зууракан Акунова дайындалды.Ал буга чейин Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн катчысы болуп иштеп келген

Эскерте кетсек,Тогуз-Торо районунда аймактык ирилештирүүдөн кийин Атай, Каргалык, Тогуз-Торо айыл аймактары түзүлдү.Айыл өкмөт башчылары дайындалды.
Көк-Ирим жана Атай айыл биригип, Атай айыл аймагынын башчысы Аскербек Жаңыбаев жана Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы Марлис Олжотоев дайындалган.
Анара Мааметова