Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Зууракан Акунова, Райондук аялдар кеңешинин төрайымы Венера Эпээва, Каргалык айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Рада Мамбеталиевалар апалардын майрамы менен куттукташты


Айыл өкмөтү тарабынан сый тамакка 100 эне чакырылып, белектер тапшырылды.

Мындан сырткары маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан сценка көрсөтүлүп, жагымдуу ыр бийлер менен коштолду.

Жалпы чакырылган энелер тарабынан, баардык энелердин майрамы менен куттуктап, уюштуруучуларга ыраазылык билдиришти.

Карылардын батасы менен жыйынтыкталды.
Анара Мааметова