Улуттук телерадио корпорациясынын тарабынан уюштурулган ыр кесеге, элдик таланттар, айыл өкмөттөр, мекеме ишкана жетекчилер,аксакалдар, аялдар кеңеши, жалпы чыгармачыл адамдар камтыган ыр майрам тартууланды.


Иш-чаранын программасында жандуу үн менен ырлар ырдалып, кыргыз бийин бийлешип, кыргыздын каада-салттарын, улуттук тамак-аштарын даңазалай алышты.

Кол-өнөрчүлүктү жайылтуу максатында жаратман айымдардын кол өнөрчүлүк, тигүүчүлүк боюнча ишкер айымдардын көргөзмөсү жана мастер-класс өткөрүлдү.

Мисалга алсак, чийди чырмоо, өрнөк согуу,тери иштетүү, аркан эшүү, жүндөн жасалган буюмдарды, курак куроо, ээр чабуу боюнча ошол жеринен көрсөтүп беришти.

Кечени жалпы катышуучулар Тогуз-Торо ыры менен жыйынтыкташып, кезектеги «Ыр кесени» Нарын районуна узатышты.
Анара Мааметова