"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо: Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча презентация көрсөтүлүп, маалыматтар айтылды

22 Июль 2024 жыл 17:01
Көрүүлөрдүн саны: 8842

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын жыйында залында жыйында залында милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов жана Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын директору Акмат Самарбеков райондун тургундары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, медицина кызматкерлери, жергиликтүү активистер, ден-соолук комиттери менен жолугушту.

Иш чаранын жүрүшүндө саламаттык сактоо системасында жүргүзүлүп жаткан иштер, камсыздандыруу ишинин жүрүшү, маселелер туурасында баарлашты.

Сүрөттө: Райондун тургундары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, медицина кызматкерлери, жергиликтүү активистер, ден-соолук комиттери

Камсыздандырылбаган жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу жана мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында көрсөтүлүүчү медициналык кызмат көрсөтүү маселелери талкууланды.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Кыргызстандын бардык жарандарына ооруканага пландуу жаткыруу учурунда медициналык камсыздандыруу (милдеттүү медициналык камсыздандыруу) жана үй-бүлөлүк дарыгердин жолдомосу болушу керектигин айтышты. ММК фондунун 113 шыр байланыш телефонуна чалып толук маалымат алса болоорун баса белгилеп өтүштү.

“Түндүк” жана “MBANK” мобилдик тиркемелери аркылуу өтүү жолдорун, катышуучуларга презентация аркылуу түшүндүрүп беришти.

Эскерте кетсек, бардык жарандарга шашылыш жана кечиктирилгис медициналык жардам дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоону кошкондо, бейтаптын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген абалдан чыгарылганга чейин акысыз көрсөтүлөт.

Анара Мааметова