"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо: Үймө-үй кыдыруу уланууда

29 Август 2024 жыл 16:41
Көрүүлөрдүн саны: 7886

Райондун Каргалык айыл аймагынын Казарман айылында үй-бүлөгө көмөк жөлөкпул алуучулардын жана жумушсуз жарандардын даректүүлүгүн жана элдин жашоо шартын аныктоо боюнча үймө-үй кыдыруу жүрүүдө

Кыдырууга акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын адистери жана айыл өкмөттөрдүн социалдык кызматкерлери үймө-үй кыдырууга чыгышты.

Үйлөрдү кыдыруунун негизги максаты үй-бүлөгө көмөк жөлөкпул алуучулардын жана жумушсуз жарандардын даректүүлүгүн жана элдин жашоо шартын аныктоо, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка жана турмуштун оор кырдаалына кабылган балдарды, мектепке, бала бакчага тартылбай калган өспүрүмдөрдү аныктоо, ата-энеси миграцияда жүргөн, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жөнүндө маалымат чогултуу, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана кароосуз карыялардын жашоо-шартына анализ жүргүзүү болуп саналат.

Район акими Манас Мураталиевдин буйругуна ылайык, үйлөрдү кыдыруу 3 айга созулуп, райондогу 3 айыл аймактарында жүргүзүлөт.

Анара Мааметова