Иш чарага райондук башчысы-аким Манас Мураталиев, “Эмгек сиңирген мугалими” ардактуу наамынын ээлери Апал Базарова, Сапар Аттокуров, райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери, айыл өкмөт башчылары, мекеме жетекчилери, педагогикалык кызматкерлер жана тарбиячылар катышышып, билим берүү системасынын актуалдуу маселерине токтолуп өтүштү

Сүрөттө: райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери, айыл өкмөт башчылары, мекеме жетекчилери, педагогикалык кызматкерлер жана тарбиячылары
Кеңешмеде 2023-2024-окуу жылынын ийгиликтерин камтыган фото стенддер жана STEM багытындагы көргөзмөлөр уюштурулду. Катышуучулар учурдун талабына ылайык азыркы замандын, азыркы билим берүү технологиясынын негизин түзгөн инженердик ойлоп табуучу окуучулар тарабынан жасалган баалуу көргөзмөлөргө күбө болушту.

Андан соң Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бакытбек Талайбеков ачып, “Жаңы чакырыктар жана бийиктиктер” темасында баяндама окуду.

Баяндамада Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасы киргизилип жаткандыгы, Сингапурдун билим берүү системасындагы МСЕ (Marshall Cavendish Education) компаниясынын ролу, башкалардан айырмасы, каалаган натыйжалары жөнүндө слайддан көргөзүлдү.

Соңунда катышуучуларга PISA эл аралык изилдөөсүнүн программасы жөнүндө баяндалды.

Анара Мааметова