"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Эгемендик күнү: Парктагы майрам

3 Сентябрь 2024 жыл 13:49
Көрүүлөрдүн саны: 7778

31-августа Кыргызстандын эгемендигинин 33 жылдыгы майрамдалып, Тогуз-Тородогу Жээнтай Кыдыров атындагы эс алуу паркында майрамдык салтанат болуп өттү

Толугураак, видеодон көрүңүз:

 

 

 

Быйыл Көз карандысыздык күнүнөн тышкары, Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгы да белгиленди.

Майрамдык иш-чарага Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев баштаган бийлик өкүлдөрү, райондун тургундары жана коноктору күбө болду.

Парктагы салтанатка А.Сыдыков атындагы маданият бөлүмү тарабынан театралдаштырылган майрамдык концерт тартууланып, атайын борбордон ырчылар келип, өнөрлөрүн тартуулашты.

Анара Мааметова