Билим берүү министрлиги 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Тоту Мойдунов атындагы Макмал орто мектебин «жылдын мыкты мектеби» деп аныкталды

Республикалык тандоо беш этаптан туруп, ага жалпы 122 мектеп катышты. Сынак мыкты мектептердин иш тажрыйбасын, билим берүү жана башкаруу көндүмдөрүн коомго жана башка мектептерге да жайылтуу үчүн уюштурулган.
Аталган мектептин директору Назгүл Атамкулова мектептин иш тажрыйбасын, жетишкен ийгиликтерин министрлик түзгөн атайын комиссия карап, баалаганын айтты.
«Бардык мугалимдерибиз санарип технологияны өздөштүргөн. Буга чейин райондук, облустук, республикалык сынактарда жетишкен ийгиликтерибизди чагылдырып видео жасадык. Сынакта мектеп жамааты окуучулар менен биргеликте аракет жасады. Азыр кубанып турган чагыбыз», — деди директор.

Тоту Мойдунов атындагы Макмал орто мектебин «жылдын мыкты мектебинин директору Назгүл Атамкулова
Азыркы тапта Макмал орто мектебинде 113 мугалим эмгектенип, 1547 окуучу билим алып жатат. Былтыр жылдын «Мыкты мекетби» деп Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектеби табылган.
Анара Мааметова