Райондогу жаштарды сергек жашоого үндөө максатында Тогуз-Торо райондук маданият бөлүмүнүн жаштар саясаты тарабынан, районубуздагы айыл аймактарынан келген жаш үй-бүлөлөр арасында спорттук оюн уюштурулуп, ага 6 команда катышты.

Аталган иш чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Венера Мурзалымбекова, маданият кызматкерлери, жаштар, конкурстун катышуучулары катышты.

Оюндун жыйынтыгында Каргалык айыл аймагына караштуу Сары-Булуң айылынан келген Биримдик командасы 1-орун; ЧыңгызТаалайбек уулу, Табылды кызы Бермет

Тогуз-Торо айыл аймагынын Келечек командасы 2-орун; Сейдалиев Азамат Конокбай кызы Нурзарида

Каргалык айыл аймагына караштуу Чет -Булак айылынан келген 3-орун; Ынтымак командасы Жумакадыр уулу Калберди Табылды кызы Насикат

Баардык катышуучуларга Маданият, маалымат,спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан белектер кубок медальдар тапшырылды.
Анара Мааметова