Иш чарага Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Зууракан Акунова, айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Индира Курманбаева, комитеттин төрагасынын орун басары Назгүл Токтоболотова, комитеттин мүчөсү Жумагүл Бекчоро кызы катышты

Каргалык айыл өкмөтү тарабынан 18 жашка чейинки жана 1-2-3-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар чакырылып, фуршет уюштурулуп, чакырылган конокторго акчалай белектер берилди.

Ден-соолугунун мүмкунчүлүгү чектелген адамдар арасында өткөрүлгөн иш-чараларга активдүү катышкандарга “Ыраазычылык кат” берилди.Маданият кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланды.

3-декабрь Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнүнө карата “Биз биргебиз” аталышындагы бир айлык акция жарыяланган.

Анара Мааметова