"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Тородо Элдик Курултайга делегаттар шайланды

8 Декабрь 2024 жыл 21:40
Көрүүлөрдүн саны: 5558

20-декабрында Бишкек шаарында өтө турган кезектеги Үчүнчү Элдик Курултайдын делегаттары шайланды. Буга чейин айыл аймактарда жергиликтүү жыйындар өткөрүлүп, катышуучулар көрсөтүлгөн


Тогуз-Торо айыл өкмөтүндө делегаттардын жыйыны болуп, Үчүнчү Элдик курултайга Шаарман Бейшеналиева делегат болуп шайланды.


Жыйынга катышкан катышуучулардын көпчүлүк добушун алган Марлис Олжотоев жана Нурбүбү Абдыжапарова Каргалык айыл аймагынан Үчүнчү Элдик курултайдын делегаты болуп шайланды.


Атай айыл өкмөтүндө делегаттардын жыйыны болуп Үчүнчү Элдик курултайга Кадырбек Эпээв делегат болуп шайланды.


Биринчи Элдик курултай 2022-жылы ноябрда, экинчиси 2023-жылы декабрь айында өткөн.

Анара Мааметова