"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Бийик тоолуу аймактардагы үй-бүлөлөр үчүн жаңы жөлөкпул

13 Январь 2026 жыл 18:56
Көрүүлөрдүн саны: 399

Тогуз-Торо райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы 2026-жылдын 12-январынан тартып «Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» аттуу ай сайынгы жөлөкпулду дайындоо боюнча уюштуруу иштерин баштаганын маалымдайт.

 

Бул жөлөкпул төмөнкү жарандарга ай сайын 3000 сом өлчөмүндө, киреше деңгээлине карабастан, төлөнөт:

— Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда жашаган жарандарга;
— Үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала төрөлгөндө;
— 3 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө.

Жөлөкпул чегерүү үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

1. Ата-энесинин паспортунун көчүрмөлөрү;
2. Балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү;
3. Никелешүү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
4. Банктык эсеп реквизиттери;
5. «Түндүк» маалымат системасынан алынган үй-бүлө курамы тууралуу маалымкат.

Жарандар Тогуз-Торо райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына кайрылуусу зарыл.

Анара Мааметова