"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сүрөт баян: Кол өнөрчүлүк – элдин жан дүйнөсү

18 Январь 2026 жыл 21:26
Көрүүлөрдүн саны: 377

Аялзаты кылымдар бою кийизден пано жасап, улуттук өрнөктөр аркылуу ата-бабадан калган асыл мурасты сактап келген.

Бүгүн унутулуп бара жаткан бул өнөрдү кайра жандандыруу максатында улуу муун өз тажрыйбасын кийинки жаштарга үйрөтүп келет.

Мындай жолугушуулар өткөн менен келечекти байланыштырып, улуттук баалуулуктарды сактоого чоң салым кошууда.

Кийизге түшкөн ар бир өрнөк — тарыхтын үнү. Ал эне колунан кыз колуна өтүп, муундан муунга мурас болуп келе жатат.

Кол өнөрчүлүк мастер-класстары аркылуу улуттук өнөрдүн өмүрү узарып, жаштардын жүрөгүндө улуттук рух бекемделүүдө.

Даярдаган: Аделина Бейшеналиева