"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Атай айылында лыжа, сноуборд жана балон тебүү үчүн шарттар түзүлдү

29 Январь 2026 жыл 20:26
Көрүүлөрдүн саны: 327

Бүгүнкү күндө Атай айылынын тургуну, жеке ишкер жана демилгелүү жаран Эрлан Обозов кышкы эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, жергиликтүү тургундардын жана коноктордун алкоосуна татыды.

Анын демилгеси менен уюштурулган кышкы эс алуу жайы айылдын туризмдик мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошууда.
Атай айылынын кышкы эс алуу жайы конокторду кабыл алат.

Кышкы эс алуу жайында төмөнкү кызматтар көрсөтүлөт:

 Лыжа тебүү – заманбап жана коопсуз жабдыктарды ижарага алуу мүмкүнчүлүгү;
Сноуборд – активдүү жана экстремалдуу эс алууну сүйгөндөр үчүн;
Балон тебүү – атайын даярдалган, коопсуз жолдор.

Бул жерде үй-бүлөлүк эс алууга да, достор менен активдүү убакыт өткөрүүгө да бардык шарттар каралган. Таза аба, кооз тоо пейзаждары жана кызыктуу кышкы оюн-зооктор эс алуучуларга унутулгус маанай тартуулайт.
Дареги: Тогуз-Торо району, Атай айылы
Байланыш телефону:+996 (500) 862-088

Анара Мааметова