"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Өрт коопсуздугун сактайлы

29 Январь 2026 жыл 13:04
Көрүүлөрдүн саны: 304

ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Тогуз-Торо району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү эскертет.Кышкы от жагуу мезгилинде турак жайларда өрт кырсыктарынын алдын алуу максатында ар бир жаранды өрт коопсуздугунун талаптарын так сактоого чакырабыз

Жүргүзүлгөн талдоолор көрсөткөндөй, өрт кырсыктары негизинен отко шалаакы мамиле кылуудан, электр шаймандарын токко уланган бойдон калтыруудан, кароосуз калган балдардын от менен ойноосунан, ошондой эле бузук мештерден жана тазаланбаган моорлордон келип чыгууда.


Өрт кырсыктарынын көпчүлүгү адамдар уктап жаткан учурда болуп, түтүн жана газга уулануу менен коштолууда. Бул адам өмүрү үчүн өтө кооптуу.


Ушуга байланыштуу, турак үйлөрүңүздөрдөгү мештердин, моорлордун абалын текшерип, электр шаймандарын көзөмөлсүз калтырбоону, балдарды кароосуз калтырбоону эскертебиз.

Өрт же өзгөчө кырдаалга күбө болсоңуз токтоосуз 112, 101 номерлерине кабарлаңыз.
Тогуз-Торо району боюнча өзгөчө
кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы
подполковник Сүйүналы Наржигитов.

Даярдаган: Анара Мааметова