Казарман айылында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Ханнс Зайдель Фондунун колдоосу менен «Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк жөлөкпулун дайындоо жана төлөө тартиби» темасында микротренинг өткөрүлдү

Иш-чараны Тогуз-Торо райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы уюштуруп, микротренингди башкармалыктын башчысы Чолпонай Жеңишова алып барды.
Микротренингге райондук мекеме-ишканалардын кызматкерлери, муниципалдык кызматкерлер, социалдык кызматкерлер жана жөлөкпул алуучулар катышты.

Катышуучуларга 2026-жылдын 1-январынан тартып:

3-баладан баштап 3 жашка чейинки балдарга берилүүчү «Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» жөлөкпулу, Бала төрөлгөндө берилүүчү бир жолку «Бала береке» жөлөкпулу боюнча кеңири маалымат берилди.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар Ханнс Зайдель Фондуна жана уюштуруучуларга пайдалуу жана маанилүү маалымат үчүн ыраазычылык билдиришти.
Даярдаган: Анара Мааметова