"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торонун асыл айымдары тууралуу китеп жарык көрдү

31 Январь 2026 жыл 16:23
Көрүүлөрдүн саны: 365

Тогуз-Торо райондук аялдар кеңеши тарабынан Кыргызстан аялдар кыймылынын 100 жылдыгына жана Тогуз-Торо районунун 90 жылдыгына карата райондун экономикалык өсүшүнө, коомдук өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон айымдарды даңазалоо максатында «Алтын-Чөйчөк Асылзаада» аттуу китеп жарык көрүп, анын салтанаттуу бет ачары болуп өттү

Китеп Кыргыз-Туусу гезитинин Түштүк региону боюнча журналисти Бактыбеков Сопубековдун колдоосу менен чыгарылды.


Бет ачар аземине Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Асель Жунусалиева, Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Марлис Олжотоев, Тогуз-Торо райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Чолпонай Жеңишова, Тогуз-Торо райондук аялдар кеңешинин төрайымы Винара Эпээва катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Иш-чарага китепке кирген айымдар чакырылып, чыгармачыл инсандар тарабынан концерттик программа тартууланды.


Китептин чыгарылышына райондогу айыл өкмөттөрү жана айыл аймактарындагы аялдар кеңештеринин төрайымдары колдоо көрсөтүштү.


«Алтын-Чөйчөк Асылзаада» китебинин автору — Тогуз-Торо райондук аялдар кеңешинин төрайымы Винара Эпээва. Тогуз-Торо районунан чыккан айымдардын басып өткөн өмүр жолу, үзүрлүү эмгеги, коомго кошкон салымы, жетишкен ийгиликтери жана алган сыйлыктары кеңири чагылдырылган.

Даярдаган: Анара Мааметова