"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо: Аялдар арасындагы волейбол мелдеши болуп өттү

2 Февраль 2026 жыл 15:01
Көрүүлөрдүн саны: 386

Тогуз-Торо районунун 90 жылдык мааракесине карата эжелер арасында райондук волейбол мелдеши уюштурулуп, ийгиликтүү жыйынтыкталды

Мелдештин негизги максаты — аялдар арасында спортту өнүктүрүү, сергек жашоо образын жайылтуу жана ынтымакты, достукту бекемдөө болду. Райондун ар кайсы айылдарынан келген командалар өздөрүнүн спорттук чеберчилигин, командалык духун көрсөтүп, кызыктуу оюн тартуулашты.


Жеңүүчү жана байгелүү орундарды ээлеген командалар дипломдор, кубоктор жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул спорттук иш-чараны өткөрүүгө Бекмамат ата фонду демөөрчүлүк колдоо көрсөттү. Уюштуруучулар фондго аялдар спортун колдоп, коомдук демилгелерге активдүү салым кошуп келе жаткандыгы үчүн терең ыраазычылык билдиришти.

Даярдаган: Анара Мааметова