"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо: Салык декларациясын кабыл алуу кампаниясы башталды

4 Февраль 2026 жыл 23:31
Көрүүлөрдүн саны: 381

Мамлекеттик салык кызматынын Тогуз-Торо району боюнча башкармалыгы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын (БСД) кабыл алуу башталганын маалымдайт

Декларация тапшыруу мөөнөттөрү:

2026-жылдын 1-апрелине чейин тапшырылат: ▪️ Кыргыз Республикасынын уюмдары (айрым бюджеттик уюмдардан тышкары);

▪️ КР аймагында туруктуу мекеме аркылуу иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар;
▪️ мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
▪️ БШК, Сот адилеттиги боюнча кеңеш жана Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрү;
▪️ мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жетекчилери жана орун басарлары.
2026-жылдын 1-майына чейин тапшырылат: ▪️ жеке ишкерлер (айрым режимдегилерден тышкары);
▪️ эл аралык уюмдарда жана чет өлкөлөрдүн дипломатиялык мекемелеринде иштеген КР жарандары;
▪️ киреше салыгы кармалбаган киреше алган жеке жактар.

Тапшыруу тартиби:
Бирдиктүү салык декларациясы электрондук түрдө салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу тапшырылат:
cabinet.salyk.kg
Милдеттүү декларациялоого кирбеген жарандар БСДны ыктыярдуу түрдө, анын ичинде мурда кармалган киреше салыгын кайтарып алуу үчүн да тапшыра алышат.
Маалымат алуу үчүн:

Кененирээк маалыматты төмөнкү номерлер аркылуу алууга болот:

5-02-72, 5-00-97 :   116 телефону аркылуу
Мамлекеттик салык кызматынын расмий сатынан www.sti.gov.kg

Даярдаган: Анара Мааметова