Тогуз-Торо району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү эскертет. Ар кандай кырсыктардын алдын алуу максатында, урматтуу ата-энелерди жаш балдарынын көлмөлөрдөгү жана суу каналдарындагы муз үстүндө ойноосуна жол бербөөгө чакырабыз.
Урматтуу Тогуз-Торо районунун тургундары жана коноктору!
Акыркы убактарда Республика аймагында муз үстүндөгү коопсуз жүрүм-турум эрежелеринин сакталбагандыгынан улам адам өмүрүн алган кайгылуу окуялар катталууда. Анын ичинде жаш балдардын жергиликтүү суу каналдарына жана көлмөлөргө чөгүп кетүү фактылары орун алган.
Бул көрүнүш ата-энелер арасында, айрыкча суу көлмөлөрүндө жана аларга жакын аймактарда муз үстүндө ойногон балдар үчүн кооптуу экендиги тууралуу эскертүү жана түшүндүрүү иштеринин жетишсиз жүргүзүлүп жатканын көрсөтөт.
Ушуга байланыштуу, балдардын ден соолугу жана өмүрү эң жогору баалуулук экенин эске алуу менен, Тогуз-Торо району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү суу көлмөлөрүндөгү муз үстүндө ойноонун кооптуу экендигин эскертет.
Даярдаган: Анара Мааметова