Урматтуу район тургундары жана айдоочулар! Аба ырайынын кескин өзгөрүп, кар жаап жатканына байланыштуу автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүү жана тайгактык коркунучу жогорулады. Жарандардын өмүрүн жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын №33-т тескемеси чыгарылып, тиешелүү мекемелерге тапшырмалар берилди

Ошондой эле Балыкчы–Казарман–Жалал-Абад автоунаа жолу 2026-жылдын 12-февралынан тартып жол тазалоо иштери аяктаганга чейин убактылуу жабылды.


Ушуга байланыштуу сиздерден зарылчылык болбосо алыскы жолго чыкпай турууну, жол эрежелерин так сактоону жана өз коопсуздугуңуздарга жоопкерчилик менен мамиле кылууну өтүнөбүз.
Даярдаган: Анара Мааметова