"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Билим үчүн кар кечкен окуучулар

13 Февраль 2026 жыл 12:43
Көрүүлөрдүн саны: 386

Тогуз-Торо районуна караштуу Табылгыты айылындагы Эмилбек Касымалиев атындагы орто мектеби район борборунан 7 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кар калың жааган шартка карабастан, мектептин окуучулары райондук олимпиадага катышуу үчүн математика жана информатика мугалими Алтынбек Чокморов агайы менен бирге ат минип жолго чыгышты


Аба ырайынын катаалдыгына моюн сунбаган окуучулар билимге болгон күчтүү умтулуусун дагы бир ирет далилдеп, олимпиадага ийгиликтүү катышып келишти. Тогуз-Торо районуна караштуу Табылгыты айылындагы Эмилбек Касымалиев атындагы орто мектеби район борборунан 7 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Кар калың жааган шартка карабастан, мектептин окуучулары райондук олимпиадага катышуу үчүн математика жана информатика мугалими Алтынбек Чокморов агайы менен бирге ат минип жолго чыгышты.

Аба ырайынын катаалдыгына моюн сунбаган окуучулар билимге болгон күчтүү умтулуусун дагы бир ирет далилдеп, олимпиадага ийгиликтүү катышып келишти.

Даярдаган: Анара Мааметова