"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо: Олимпиадага окуучуларды ат менен жеткирген агайлар сыйланды

14 Февраль 2026 жыл 12:58
Көрүүлөрдүн саны: 406

Тогуз-Торо районундагы Э.Касымалиев атындагы орто мектебинин 15 окуучусу кыштын катаал шартына карабастан,  ата-энелеринин макулдугу менен агайларынын коштоосунда ат минип барып, райондук олимпиадага барып келишкен

Олимпиада өткөн күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, калың кар жаап, жол шарттары оорлошкон. Ошого карабастан, мугалимдер окуучулардын коопсуздугун камсыздап, алардын билим сынагына катышуусуна чоң аракет жумшашты.

Райондук билим берүү бөлүмү мугалимдерге ыраазычылык каттарын тапшырып, алардын кесипкөйлүгүн жана окуучуларга болгон камкор мамилесин өзгөчө белгиледи.


Ошондой эле олимпиаданын жогорку деңгээлде уюштурулушуна салым кошкон мугалимдерге, мектеп жетекчилерине жана бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирилди.

Даярдаган: Анара Мааметова