"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Эрдик унутулбайт — тарых эскерилет

15 Февраль 2026 жыл 23:25
Көрүүлөрдүн саны: 454

15-февраль — советтик аскерлердин Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылышы күнүнүн 37 жылдыгына карата Тогуз-Торо районунда эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү

Иш-чарада Тажик-Афган жана Ооган согушунун катышуучуларынын эрдиги даңазаланып, курман болгондорго куран окулуп, терең урмат-сый көрсөтүлдү.

Райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Асель Жунусалиева куттуктоо сөз сүйлөп, жоокерлердин эрдиги түбөлүккө сакталарын белгиледи. Ардагерлерге төш белгилер жана атайын сыйлыктар тапшырылды.


Ошондой эле айыл өкмөттөрү, аскер комиссариаты жана аксакалдар кеңеши тарабынан сый-урмат көрсөтүлүп, маданият кызматкерлеринин концерттик программасы уюштурулду. Эрдик унутулбайт — тарых эскерилет.

15-февраль — советтик аскерлердин Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылышы күнүнүн 37 жылдыгына карата Тогуз-Торо районунда эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чарада Тажик-Афган жана Ооган согушунун катышуучуларынын эрдиги даңазаланып, курман болгондорго куран окулуп, терең урмат-сый көрсөтүлдү.


Райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Асель  Жунусалиева куттуктоо сөз сүйлөп, жоокерлердин эрдиги түбөлүккө сакталарын белгиледи. Ардагерлерге төш белгилер жана атайын сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле айыл өкмөттөрү, аскер комиссариаты жана аксакалдар кеңеши тарабынан сый-урмат көрсөтүлүп, маданият кызматкерлеринин концерттик программасы уюштурулду.

Даярдаган: Анара Мааметова