Учурда Макмал Голд Компани ЖЧКсы тарабынан атайын техникалар тартылып, жолдор күнү-түнү тазаланууда. Элдин коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсү үчүн эмгектенип жаткан компанияга терең ыраазычылык билдирилди
Элдин коопсуздугу үчүн күнү-түнү эмгектенип, кар тазалоо иштерине салым кошкон бардык жигиттердин эмгеги баалуу экени белгиленди.

Макмал Голд компаниясынын айдоочусу — Бактияр Кудагелдиев
Суу башкармалыгынын айдоочусу — Төлөн Чөкөнбаев,
ДЭУ-18 жол тейлөө ишканасынын айдоочулары — Бердибек Бороев жана Азис Исаков, Казарман айылынын тургундары — Тынчтык Абдырахманов, Сейит Кебеков, Бакытбек Маатканов, Абдумалик Мураталиев жеке техникалары менен колдоо көрсөтүштү.
Даярдаган: Анара Мааметова