"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Каада-салты билген эне – нарктуу муунду тарбиялайт

22 Февраль 2026 жыл 23:00
Көрүүлөрдүн саны: 711

Садыр Жапаровдун №157 «Улуттук нарк жөнүндө» Жарлыгына ылайык №7 Т.Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүү мектеп-мекемесинде Энелер мектебинин жетекчиси Зарина Чотурова тарабынан мазмундуу жана таасирдүү тренинг өткөрүлдү.

Улуттук каада-салттарды даңазалоо, энелердин тарбиядагы ордун бекемдөө жана нарктуу, ыймандуу муунду тарбиялоодо ата-эненин жоопкерчилигин жогорулатуу.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз элинин байыртан келе жаткан үрп-адаттары, энелик мээримдин күчү, үй-бүлөдөгү тарбиянын мааниси тууралуу кеңири пикир алышуу болду.


Энелер өз турмуштук тажрыйбалары менен бөлүшүп, суроо-жооп форматында жандуу талкуу жүргүзүштү.

Тренинг жылуу жана таасирдүү маанайда өтүп, катышуучулар улуттук наркты сактоо – ар бир үй-бүлөнүн ыйык милдети экенин баса белгилешти.

Даярдаган: Аделина Бейшеналиева