"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо: Казарман айылында айыл чарба жарманкеси уюштурулду

22 Февраль 2026 жыл 23:09
Көрүүлөрдүн саны: 885

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасына ылайык, калкты сапаттуу айыл чарба продукциялары жана азык-түлүк менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу максатында иш-чара өткөрүлдү.

Жарманкенин негизги максаты — айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо, дыйкандар менен ишкерлерге өз продукцияларын ортомчусуз сатууга шарт түзүү, ошондой эле негизги азык-түлүктөр — буудай, ун, эт жана эт азыктары, сүт жана сүт азыктары, жумуртка, жашылча-жемиштер, картөшкө, кант жана өсүмдүк майынын бааларынын негизсиз өсүшүн алдын алуу болуп саналат.

Иш-чарага район аймагындагы дыйкандар, фермерлер жана жеке ишкерлер катышып, тургундарга арзан жана сапаттуу продукциялар сунушталды.

Даярдаган: Анара Мааметова