"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо: Райондун акими ийгилик жараткан спортчуларды кабыл алды

24 Февраль 2026 жыл 23:08
Көрүүлөрдүн саны: 688

Тогуз-Торо районунун акими  Манас Мураталиев оор атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилигинде байгелүү орундарды камсыздаган жаш спортчуларды кабыл алды

Аталган мелдеш өспүрүм балдар, кыздар жана кенже өспүрүмдөр арасында өтүп, жыйынтыгында Нурайым Ясынова 37 кг салмак категориясында I орунду, ал эми Фатима Ясынова 53 кг салмак категориясында III орунду багындырды.

Турнирге жалпы кыздар арасында 30 спортчу катышкан. Жолугушуунун жүрүшүндө аким жаш спортчуларды жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, алардын мындан аркы спорттук карьерасына ийгиликтерди каалады. Ошондой эле спортчуларга жана алардын машыктыруучусуна жеке өзүнүн атынан акчалай колдоо көрсөтүп, ыраазычылык баракчаларын тапшырды.


Белгилей кетсек, спортчулардын машыктыруучусу Дастан Арзыматов 2016-жылы окуучулар арасында өткөн спартакиадада 51 кг салмак категориясында республика чемпиону аталган. Учурда ал Тогуз-Торо райондук Отор Чопиев атындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде оор атлетика боюнча 35 жаш спортчуну машыктырууда.

Даярдаган: Анара Мааметова