"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Каргалык айыл өкмөтүндө 8-март майрамы белгиленди

6 Март 2026 жыл 18:30
Көрүүлөрдүн саны: 1202

8-Март — Аялдардын эл аралык майрамына карата майрамдык кечеге айыл өкмөт башчысы Марлис Олжотоев, Каргалык айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Индира Курманалиева, Каргалык аялдар кеңешинин төрайымы Венера Мокеева, депутат айымдар жана Каргалык айыл өкмөтүнөн жалпы 100 айым чакырылды.

Майрамдык кечеде жетекчилер куттуктоо сөздөрүн айтылып, айымдарга Каргалык айыл өкмөтүнүн ардак грамоталарын жана белектерин тапшырышты.

Т.Мойдунов атындагы орто мектебинде өткөрүлүп, маданият кызматкерлери тарабынан айымдарга арналган концерттик программа тартууланды.

Даярдаган: Анара Мааметова