5-март — Ак калпак күнүнө карата Тогуз-Торо райондук А.Жакишов атындагы Жалпы дарыгерлик тажрыйба борборунун ак халатчандары улуттук салтты даңазалашты

Иш-чарада мекеменин жамааты ак калпак кийип, кыргыз элинин улуттук баш кийимине болгон урмат-сыйын билдиришти.

ЖДТБнын директорунун убактылуу орун басары Омор кызы Мирзат жана профсоюз уюмунун төрагасы Амантур Абдыманапов куттуктоо сөздөрүн айтып, жамаатты улуттук майрам менен куттукташты.

Даярдаган: Анара Мааметова