"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо районундагы билим берүү мекемелерине колдоо көрсөтүлдү

10 Март 2026 жыл 11:48
Көрүүлөрдүн саны: 737

Тогуз-Торо районундагы билим берүү мекемелерине колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Адилет Белеков жана меценат Ормон Нурбек уулу тарабынан мектептерге керектүү техникалык жабдуулар тапшырылды.

Демилгенин алкагында №6 Бирдик жалпы билим берүү мектебине жана Саке-Бий бала бакчасына ноутбук жана түстүү принтер берилди.

Бул техникалык жабдуулар мугалимдердин ишин жеңилдетип, окуу процессин санариптештирүүгө жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жардам берет.

Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмү көрсөтүлгөн колдоо үчүн Адилет Белековго жана меценат Ормон Нурбек уулуна терең ыраазычылык билдирип, мындай демилгелер билим берүү тармагын өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Даярдаган: Анара Мааметова