Тогуз-Торо районунун жаңы шайланган акими Нурлан Эшмукамбет уулу Каргалык айыл өкмөтүнө караштуу Табылгыты, Кара-Суу жана Казарман айылдарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү

Жолугушуунун негизги максаты – айыл аймактарынын абалы менен таанышып, жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн жеринде угуу болду.

Жолугушууда тургундар тарабынан:

▪️ таза суу
▪️ ички жолдорду оңдоо
▪️ электр энергиясы
▪️ социалдык объектилердин абалы
▪️ жайыт маселелери
▪️ башка турмуш-тиричиликке байланышкан көйгөйлөр көтөрүлдү.

Көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине жеринде конкреттүү тапшырмалар берилди. Айрым маселелерди чечүү үчүн тиешелүү органдарга расмий кайрылуулар жолдонууп, пландуу иштер жүргүзүлөрү белгиленди.
Ошондой эле бул маселелердин аткарылышы райондук мамлекеттик администрациясынын көзөмөлүндө болору айтылды.

Эскерте кетсек, райондун акими Нурлан Эшмуканбет уулу Тогуз-Торо районуна караштуу айыл аймактардын тургундары менен жолугушуулар өткөрүлдү
Даярдаган: Анара Мааметова