"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Каргалык аймагында Аталар күнү салтанаттуу белгиленди

15 Март 2026 жыл 11:06
Көрүүлөрдүн саны: 630

14-март күнү Каргалык айыл аймагында Аталар күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Концерттик программа менен коштолуп, атанын үй-бүлөдөгү орду, кадыр-баркы жана балдарды тарбиялоодогу жоопкерчилиги даңазаланды.

Иш-чарада Тогуз-Торо районунун акими Нурлан Эшмукамбет уулу, акимдин биринчи орун басары Темирбек Арун уулу, Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Марлис Олжотоев жана айылдык кеңештин төрагасы Таалайбек Токтоболотов куттуктоо сөз сүйлөшүп, аталардын үй-бүлөдөгү орду өзгөчө экенин белгилешип, балдарды тарбиялоодогу атанын жоопкерчилиги чоң экенин айтып өтүштү.

Аталарга бекем ден соолук, узун өмүр, ынтымактуу үй-бүлө жана бакубат турмуш каалашты.

Райондук маданият кызматкерлери концерттик программа тартуулап, кадырман аталар акыл-насааттарын айтышты. Аталар кызыктуу оюндарга активдүү катышып, белектерге ээ болушту.
Каргалык айыл өкмөтү тарабынан сый тамак уюштурулуп, ардактуу аталарга улуттук баш кийим – ак калпак кийгизилди.

Иш-чаранын соңунда аксакал атабыз ак батасын берди.

Белгилей кетсек, Аталар күнүн белгилөө тууралуу мыйзамга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2024-жылдын 25-июлунда кол койгон.

Ага ылайык, Кыргызстанда жыл сайын 15-март Аталар күнү катары белгиленет.

Даярдаган: Анара Мааметова