"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Макмал Голд Компании: 120 үй-бүлөгө жардам көрсөттү

19 Март 2026 жыл 10:58
Көрүүлөрдүн саны: 449

Тогуз-Торо районундагы жалгыз жана эң ири өндүрүш ишканасы болгон «Макмал Голд Компани» жоопкерчилиги чектелген коому өндүрүштүк ийгиликтери менен гана чектелбестен, аймактын социалдык маселелерине да өзгөчө көңүл буруп келет.

Быйыл дагы касиеттүү Ыйык Орозо айын утурлай, ишкана салтка айланган кайрымдуулук кербенин өткөрдү. Бул саамалыктын алкагында райондогу аз камсыз болгон жана жардамга муктаж 120 үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө материалдык көмөк көрсөтүлдү.

Райондогу жалгыз өндүрүш ишкана катары «Макмал Голд Компани» ишканасы жергиликтүү калкты иш орундары менен камсыз кылуудан сырткары, социалдык жоопкерчиликти да аткарууда. Жыл сайын Орозо айында муктаждардын көңүлүн алуу ишкананын ажырагыс салтына айланган.

Бири-бирибизге кол сунуп, камкордук көрүү менен гана биз ынтымактуу коомду кура алабыз. Бөлүшө билүү — берекенин башаты.

Даярдаган: Анара Мааметова