Каргалык айыл аймагындагы 5 мектептин окуучуларына социалдык колдоо көрсөтүлүп, жергиликтүү бюджеттин эсебинен китеп текчелер, ал эми мектептер тарабынан парталар белекке берилди.

Аймак башчысы Марлис Олжотоев бул демилге аярлуу катмардагы балдардын билим алуусуна шарт түзүп, алардын келечекте туура кесип тандоосуна багыт берерин белгиледи.

Ошондой эле ата-энелерге кайрылып, ар бир балага үйдө билим алуусуна көңүл буруп, керектүү окуу куралдары менен камсыз кылуу маанилүү экенин баса белгиледи. Мугалимдер менен тыгыз байланышта болууга чакырык ташталды.

Даярдаган: Анара Мааметова