Тогуз-Торо районунун акими Нурлан Эшмукамбет уулу түз эфир учурунда жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп берип жатып, райондун өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып өттү

Анын айтымында, райондун аймагында ири инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлордун ишке ашырылышы жергиликтүү экономиканын өсүшүнө шарт түзөт.
«Райондун келечеги чоң экенин баарыбыз сезип турабыз. Түндүк–Түштүк альтернативалык жолу 2027-жылдын аягында расмий түрдө ачылат. Биз Түндүк менен Түштүктү байланыштырган Кыргызстандын борбордук бөлүгүндөгү район болуп калдык», — деди аким.
Акимдин маалыматына караганда, альтернативалык жолдун ачылышы менен район аркылуу унаа агымы көбөйүп, күнүнө 4 миңден ашуун унаа өткөн учурлар болгон.
Мындан тышкары, Тогуз-Торо району аркылуу темир жол өткөрүү жана үч ГЭС куруу пландалып жатканын белгиледи.
Анын айтымында, бул долбоорлор ишке ашса, райондук бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө жана жергиликтүү экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө шарт түзүлөт. Элдин жашоо турмушу мындан да жакшы болот.
«Райондо үч айыл өкмөт болсо, алардын экөө дотациядан чыгат деген мүмкүнчүлүк бар. Тогуз-Торонун келечеги зор болот», — деди Нурлан Эшмукамбет уулу.

Эскерте кетсек,” Күн маек” уктуруунун алкагындаТогуз-Торо районунун акими Нурлан Эшмукамбет уулу менен менен бирге Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Марлис Олжотоев, Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Жарбашов, Атай айыл өкмөтүнүн башчысы Аскер Жаңыбаевдер
элдин суроолоруна жооп беришти.
Даярдаган: Аделина Бейшеналиева