Бүткүл дүйнөлүк Тазалык күнүнө карата Тогуз-Торо жаштар кеңеши тарабынан «Күчтүү жаштар — күчтүү өлкө» аталышындагы тазалык акциясы уюштурулуп, район аймагында масштабдуу тазалык иштери жүргүзүлдү.
Толугураак, бул шилтемеден көрүңүз.
Акцияга районубуздагы мекеме-ишканаларда жана айыл өкмөттөрүндө эмгектенген 25–35 жаштагы 112 жаш активдүү катышып, туулган жерге болгон сүйүүсүн, ынтымагын жана коомдук иштерге болгон жоопкерчилигин көрсөтүштү.

Жаштар Түндүк–Түштүк альтернативдүү автожолунун жээктерин, ошондой эле Тагай участогундагы таштанды төгүүчү жайга чейинки жолдун айланасын тазалашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө болжол менен 4,5 тонна таштанды чогултулуп, атайын техникалардын жардамы менен чыгарылды.
Мындан тышкары, жалпы район боюнча өткөрүлгөн тазалык иштерине 762 адам катышып, көчөлөр, арыктар, коомдук жайлар, жол жээктери жана башка аймактар тазаланды.
Даярдаган: Аделина Бейшеналиева