"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Аял коомдо зор күч деген темада семинар өткөрүлдү

21 Октябрь 2024 жыл 15:54
Көрүүлөрдүн саны: 6614

Кара-Кыргыз автомиялуу облусунун 100 жыл Кыргызстан аялдарынын кыймылынын 100 жылдыгы белгиленип, Тогуз-Торо аялдар кеңеши тарабынан мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкон Кыргыз ССринин жогорку, облустук советинин депутаты, чабан, койчу, сугатчы болуп иштеген Тогуз-Тородогу 100 айым чакырылып, майрамдык салтанат болуп өттү.

Толугураак, видеодон көрүңүз:

Иш чарага эмгек сиңирген мугалимдер,ишкерлер, коомдук активист айымдар, райондук администрация өкүлдөрү, айыл өкмөттөр, райондун тургундары жана коноктору күбө болду.
Элдик кол-өнөрчүлүктун көргөзмөсү уюштурулуп, фуршеттер уюштурулду.

Аялдар кыймылынын башталышы жөнүндө, колхоздоштуруу мезгилин сахналаштырып, чыгармачыл адамдар тарабынан концерттик программа тартууланды.

Саанчы, фермерлерге ишкерлерге райондук аялдар кеңеши, райондук администрация жана Жогорку Кеңештин Ардак грамоталар, бир катар сыйлыктар тапшырылды.