"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Мамлекеттик катчы окуучуларга улуттук нарк боюнча онлайн сабак өттү

25 Октябрь 2024 жыл 22:29
Көрүүлөрдүн саны: 6525

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Тогуз-Торо районунун №7 Т.Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин окуучуларына Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгына карата аны түптөгөн улуу инсандар жана “Манас” эпосу” темасында ачык сабак өттү

Аталган мектептин 9-класстын окуучусу Айгүл Имамаметова Сүйүнбек Касмамбетовдун сабагы таасирдүү болгонун айтты.

Таштемир Сатыбалдиев атындагы орто мектебинин директору Жылдыз Молдобаева, мугалимдер, мектептин окуучулары катышууда

“Мага Сүйүнбек Касманбетовдун, бүгүнкү берген сабагы жакты, айрыкча агай жөнүндө айткан аңгемеси жана Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматовдун тагдыры жөнүндө айткан окуясы жакты. Жакшы сабак болду, дагы да ушул сыяктуу сабактарды өтүп турса экен”, деди окуучу.

Zoom платформасы аркылуу өткөн сабакка билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев, № 67 мектептин директору Нургүл Жумалиева жана мектептин мугалимдери, ошондой эле 100 мектептин окуучулары катышты.