Казарман айылынын кире беришине, Абдылкары Бексултанов атындагы көчөгө лед экран коюлуп, ачылышы болуп өттү

Ачылышка Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев баштаган бийлик өкүлдөрү, айылдык депутаттар, райондун тургундары жана Бишкек шаарынан келген коноктор катышты.
Өз каражатын жумшап, районубузга коноктор келгенде Казармандын көркү ачылып турсун деген максатта, Ишен Бексултанов лед экранды койгонун айтты.
Бул визуалдуу экрандан Тогуз-Торонун тарыхый кооз жерлери, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу, Казарман айылынын көрүнүшү көрсөтүлүп турат.
Анара Мааметова